Бишкек шаарындагы борбордук "Ала-Тоо" аянтынын көчөлөрүнө белгисиз жаран өзүнүн социалдык тармактардагы баракчасын жазып кеткен. Жазуулар жуулуп, тазаланганын "Тазалык" муниципалдык мекемесинин басма сөз катчысы Жибек Каракеева билдирди.
"Ала-Тоо" аянтына көк сыр менен жазып кеткен өспүрүм кечирим суроого даяр экенин билдирди. Ошондой эле ал "Тазалык" муниципалдык мекемесинин кызматкерлерине кошулуп иштей турганын кошумчалады. Ал бүгүн, 30-майда биз менен байланышарын айткан. Учурда аны күтүп жатабыз. Ал эми көк сыр менен жазылган жазуулар кечээ, 29-майда жуулду", - дейт басма сөз катчы.
Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы изделип жаткан адам кармала электигин билдирди.