"Жакшы келдиңизби? Жакшы барыңыз" дешет. Депутат туризм жөнүндө айтып, Өзбекстанды мисал келтирди

"Өзбекстанда чек арачыларынан баштап, жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн кызматкерлеринен бери барган туристтерге "жакшы келдиңизби?", "жакшы барыңыз" деп турса, бизде чек арачылар кезек күттүрүп жатат" деп бүгүн, 30-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кубанычбек Нурматов айтты.

"Туристтик топторго жеңилдетилген визаларды берүү керек. Туризмди өнүктүрүүгө жетишерлик көңүл буруу зарылчылыгы турат. Себеби коңшу өлкөлөр бул нерсеге чоң маани берүүдө. Эгер биз туризмди жөнгө салып алсак, картошка жана башкасын сатабыз деп убара болбойбуз.

Мисалы, Өзбекстанда чек арачыларынан баштап, жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн кызматкерлеринен бери "жакшы келдиңизби?", "жакшы барыңыз" деп кофе куюп турушат. Ал эми бизде чек арачылар кезек күттүрүп коюшат. Чек арадагы текшерип өткөрүүчү жерде 2 эле кызматкер отурат, калгандары башка жагында жүрөт. Бул маселелер чечилбесе чек ара кызматынын башчысын алмаштырып, башка адамды алып келгиле. Келген конок чек арадан кандай тосулса, өлкө тууралуу да ошондой ойдо калат", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Alin16
2019-05-30 17:22:01
Туура,Озбекстанда туристтерге аябай жакшы мамиле кылышат, бизге окшоп тоноп, токмоктошпойт)))
+2
Blackmoon
2019-05-30 20:29:32
Мен кечээ Оштогу Достук чек арасынан өттүм эле, ошол жерде Өзбектерге биздин чек ара кызматкерлери өтө корс мамиле кылышат экен. Малсыңарбы, башыңар иштебейт, деген сыяктуу сөздөрдү айтышты.
Ал эми Өзбекстандын чек арасына келсем тим эле келиңиз жакшы келип алдыңызбы деп тосуп алышты. Чек арадан өткөндөн кийин ал жактагы Өзбек жарандары өтө жылуу тосуп алышты. Эми баарын айтсам көп, дегеле Өзбектер сый жагынан бизден көп эле алдыда экен.
0
Mister-X
2019-06-01 05:06:47
Өзбек туугандар өтө корс болчу убагында.Сөгүнүп,тоготпой керсейишет болчу.Азыр мыйзамга баш ийип жатышат.Өзбекстанда мыйзам иштейт.Эгер биздикиндей президент келсе,Өзбекстан Орто Азиядагы эң тополоңдуу мамлекет болмок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан