"Ала-Арчага" кирүүгө ар бир унаадан 450 сомдон алынат. Бул акчалар каякка жумшаларын президенттин өкүлү айта алган жок

Жогорку Кеңештин 30-майдагы жыйынында депутат Ирина Карамушкина "Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркына кирүүгө ар бир унаадан 450 сомдон алынарын айтты.

Ал президенттин парламенттеги өкүлүнө кайрылып, "Ала-Арча" паркы президенттин иш башкармалыгынын карамагында экенин эскертип, айдоочулардан түшкөн акчалар каякка жумшаларын сурады.

Президенттин өкүлү маалыматты тактаган соң жооп берерин убадалады.

"Ала-Арча" жаратылыш паркы - мамлекет тарабынан коргоого алынган аймак. Ал Ала-Арча капчыгайын ээлейт. Бишкек шаарынан 35 чакырым түштүк тарапта жайгашкан. Аянты - 19,4 миң гектар. Көптөгөн жарандар ал жерде эс алууну жакшы көрүшөт, бирок ал жакка кирүүгө ар бир унаадан алынган 450 сом кымбат деп айтылып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан