Бүгүн, 30-майда Жогорку Кеӊеште судьяларды тандоо боюнча кеӊештин мүчөлөрүн материалдык жактан колдоо максатында иштелип чыккан мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Анын демилгечилеринин бири депутат Кожобек Рыспаевдин айтымында, сунушталган мыйзам долбоорунун негизги максаты судьяларды тандоо боюнча кеңештин мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгүн материалдык сый акы менен камсыз кылуу болуп саналат.
“Кеңештин иштөө убагында анын мүчөлөрү өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруудан бошотулат жана алардын негизги иш орду боюнча эмгек акысы сакталат. Мурда судьяларды тандоо боюнча кеңештин 24 мүчөсү болгон, азыр ал 9 адамга чейин кыскарган. Судьяларды тандоо боюнча кеңешке мүчө жактоочулардын өз кесиби менен иштөөсүнө тыюу салынгандыктан материалдык жактан кыйналып турушат. Ошондон улам аларга айына 25 миӊ сомдон сый акы бөлүү сунушталууда. Эгерде кеӊештин мүчөсү кызматта иштесе, ага сый акы төлөнбөйт”, - деди Рыспаев.