КСДПнын өкүлдөрү УКМКнын кызматкерлери тарабынан экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жана Фарид Ниязовдун иш бөлмөлөрүндө тыңшоочу жабдуулардын орнотулганын айтып чыгышкан.
Бүгүн, 30-майда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы аталган маалыматтар боюнча Аскер прокуратурасы иликтөө иштерин баштаганын билдирди. Бул боюнча 24-майда Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 186-беренеси "жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу", 189-беренеси "кат алышуунун жашыруундугун бузуу" жана 320-беренеси "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" менен каттоого алынды. Сотко чейинки өндүрүш иши башталды.
Маалыматка ылайык, Атамбаевдин аталган жагдайлар жөнүндөгү расмий арызы Башкы прокуратурага 27-майда келип түшкөн. Буга чейин УКМК "Атамбаевдин иш бөлмөсүндөгү тыңшоочу жабдууларга тиешебиз жок" деп билдирген.