Премьер-министрдин бажасынын баласы "КТ Мобайлдан" алган айлыгын кайтарып берди

"КТ Мобайлдын" директорунун мурдагы орун басары Эрназар Иманкадыр уулу компаниядан алган айлыгын кайтарып берди. Бул тууралуу ал бүгүн, 30-майда социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымында, ал компанияда иштегенден тарта 787 миң сом айлык алган. "Бул кадамым жана компаниядан кетишим "Салам" долбоорунун саясатташуу деңгээлин төмөндөтүп, ийгиликтүү ишке ашат деп үмүттөнөм. Кыргыз мамлекетине өзүнүн улуттук уюлдук оператору керек деп ишенем", - дейт ал.

Эрназар Иманкадыр уулу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы Иманкадыр Рысалиевдин баласы. Жогорку Кеңеште "КТ Мобайл" компаниясында эң көп айлыкты Эрназар Иманкадыр уулу алганы айтылган. Коомчулукта сын-пикирлер айтылган соң ал 16-майда кызматтан кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Nursbaike
2019-05-30 18:32:33
Жакшы комментария бериптир. Жакшы молодец туура кылдын
+3
erkinali858585
2019-05-30 19:37:45
Акылдуу бала окшойт кысталак
+5
senchi
2019-05-31 00:55:10
За Январ-апрель 2019 деп окудум,ошондо 1 айда 200 миңге жакын айлык алабы? Эмне кылганы учун 200 миң айлык алат? Жүк түшүрөбү же креслодо олтуруп чарчайбы?
-1
senchi
2019-05-31 00:58:31
Мынча акчаны кайтарып бериш кыйынго,айлыгын бекитип олтурганго кайра берем деп.Квитанцияны жаздырып алганго.
-1
12.12.12
2019-05-31 04:20:24
Ошондо 2 эле ай иштегенби? Же жки айдыкын эле кайтарып бердиби?
0
Farra16gsin
2019-05-31 05:38:02
Коомдо чоң резонанс болбогондо кайтарбайле сиңирип кетмек экенсиңда кысталак эмитен ушинтип жеп отурсаң кийинки келечектин ырыс кешигин жемек турбайсыңбы





+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан