Эртең, 31-майда "КТ Мобайлдын" ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын отуруму өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, депутаттык комиссиянын отуруму саат 10:00дө өтөт. Жыйынга премьер-министр баштаган өкмөт мүчөлөрү жана "КТ Мобайл" компаниясынын тегерегиндеги маселелерге байланышкан бардык тиешелүү тараптар чакырылды.
Парламентте "КТ Мобайл" компаниясы боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Депутаттык комиссиянын курамына Жанар Акаев, Сайдолимжан Жураев, Айнура Осмонова, Автандил Кулбараков, Марлен Маматалиев, Курманкул Зулушев, Мирлан Жээнчороев, Алмазбек Баатырбеков, Таалайбек Масабиров, Гүлшат Асылбаева, Зиядин Жамалдинов, Акылбек Жапаров, Алмамбет Шыкмаматов кирген.