Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Балдарды коргоо күнүнүн алдында Чүй облусунун Аламүдүн районунун Степное айылындагы аялдардын түзөтүүчү колониясына барды. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова колонияда аялдарга түзүлгөн шарттар менен таанышып, апалары менен жашаган балдарды майрамы менен куттуктады.
Вице-премьер-министр тигүү цехтерди, кийизден улуттук буюмдарды жасоочу, нан бышыруучу өндүрүштүк цехтерди жана социалдык адаптациялоо борборун көрүп чыкты.
Бул борбордо 8 аял баңгилик жана алкоголдук көз карандысыздыктан реабилитациялоодон, ошондой эле кайра социалдашуудан өтүп, тигүү өндүрүшүндө жана күнөсканада иштеп жатышат. Мындан тышкары соттолгон 7 аял балдары менен ымыркайлар үйүндө жашашат.
"Тилекке каршы, балдар 3 жашка чыкканда апалары өзүнчө жашайт. Бул балдарды багып алууга туугандары жок болсо балдар үйүнө жөнөтүлөт. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги аларды фостердик үй-бүлөлөргө жайгаштыруунун үстүндө иштейт. Өкмөт камактагы аялдардын жана алардын балдарынын маселелерин чечүүгө өзгөчө көңүл бурат", - деп белгиледи Алтынай Өмүрбекова.
Вице-премьер-министр менен жолугушууда колониядагы аялдар бир катар суроолорун беришип, мекеменин китеп фондун жаңы китептер менен толуктоо өтүнүчү менен кайрылышты.
Бул мекеме 416 соттолуучуга эсептелген, иш жүзүндө мында 330 аял жазасын өтөөдө. Алардын 70и кесиптик техникалык окуу жайда тигүүчү жана чач тарач адистиктери боюнча окуп жатышат.