Бишкекте эртеңден баштап №5 жана №14 номерлүү троллейбустардын каттамы өзгөрөт

Бишкекте 1-июндан баштап №5 жана №14 номерлүү троллейбустардын каттамы өзгөрөт. Транспорт каражаттарынын каттамдарынын убактылуу өзгөрүшү Жайыл баатыр көчөсүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу экенин мэриядан билдирди.

Ага ылайык, №5 номерлүү троллейбус Ажыбек көчөсү менен "Тунгуч - "Аэрофлот" агенттиги тарапка каттайт.

Ал эми №14 номерлүү троллейбус "Киркомстром - "Аэрофлот" агенттиги тарапты көздөй багыт алат.

Жолду оңдоо иштери 15-июнга чейин уланат. Анда Жайыл баатыр көчөсүнүн Тыналиев менен Садырбаевге чейинки бөлүгү оңдолот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан