Кыргыз-Өзбек чек арасында ок атылып, Өзбек жараны жаракат алды

Ош облусунун Араван районундагы Кыргыз-Өзбек чек арасында Өзбекстандын жаранына ок тийди. Бул тууралуу маалыматты Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя Ош облусунун Араван районуна караштуу Тогуз-Булак жеринде орун алып, чыр-чатакта курал да колдонулган.

"Кыргыз чек ара кезмети чек арага жакын жерден Өзбекстандын эки автоунаасын байкаган. Ал автоунаалар чек ара кезмети тарабынан токтотуу талабына көңүл бурбай койгондо, Кыргыз чек ара кезмети асманга эскертүү иретинде ок атышкан. Эскертүүгө карабай, автоунаалар андан ары жолун улап бара жатканда чек ара кызматкелери автоунаанын дөңгөлөгүнө карай ок чыгарууга аргасыз болгон. Натыйжада Өзбекстандын бир жараны жаракат алган. Жаракат алган жаран Өзбекстандын Мархамат райондук ооруканасына жеткирилген.

Жогоруда орун алган жаңжал боюнча тез аранын ичинде Кыргыздын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын төрагасынын биринчи орун басары, чек ара аскерлеринин колбашчысы менен телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүзгөн. Сүйлөшүүнүн учурунда биргеликте териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн жаңжал чыккан жерге чек ара өкүлдөрүн жиберүү чечими кабыл алынган.

Азыркы учурда орун алган жагдайды тактоо максатында Ош облусу боюнча чек ара өкүлүнүн Өзбекстандын Булак-Башы багыты боюнча чек ара өкүлү менен жолугушуусу жүрүп жатат", - деп билдирет маалымат кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
KyrgyzstanBishkek
2019-05-31 12:08:10
Чек ара тосуш керек.
+7
BekAmir
2019-05-31 13:39:29
Туура чек-арадан мыйзамсыз отсо атыш керек. Биздин чек-ара дангыр жол эмес
+6
talant87
2019-05-31 14:08:43
Бир эптеп отот 2-3 эптеп отот анан ал жер озбекистанга карап калат бекем болгула кыргыз жоокерлери
+7
Mamiev
2019-05-31 14:32:56
Биздикилер жаңжал чыкса эле телефон аркылуу сүйлөшүшот. Мага кызык болуп жатат эмне деп сүйлөшүшот болду экен. Кечирип коюн бизден кетти дейби эмне дейт. Катуу катуу эле кыса турган жеринерди кыскыла деп чек араны тактап койсо болбойбу өзү кичинекей эле мамлекетпиз бизден дагы чоң мамлекеттер чек арасын тозуп алышат. Эч болбосо тикен зым тартып койсо
+10
Altyn2017
2019-05-31 20:07:26
Эмнеге Узбекистандын Ооруканасына жатат ошол жерден өзүбүздүн ооруканага алпарыш керек болчу эми аны ошонон нары таппай каласынар.
+2
Dembele84
2019-05-31 20:27:51
Биздикилер алардан кечирим сурап,ошол аткан жоокерибизди наоборот жоопко тартат бекен ушу.Даже эн чон жери бар Россия кичине бир Курил аралын Япондорго бербей закондошуп журушот.Биздин чек ара такталбай еще аны четинен талап тытып бутмой болду.
+2
kanybek1986
2019-06-01 09:33:43
Кыргыз эл баатыры деген наамды бериш керек ошол аткан солдатка
+2
jake91
2019-06-01 11:50:06
Молодец Олумго тик туруп служит еткиле и так Араванда канча жерибиз сатылып кетти
0
TIMON_BERKOWITZ
2019-06-01 11:51:42
Чек ара КЕЗМЕТИ дегенди так кыргызча айтмайынча алар бизди тоготпой жүрүшө берет!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан