Кыргыз хоккей курамасы тарыхта биринчи жолу Дүйнө чемпиондугуна катышуу мүмкүнчүлүгүн алды

Кыргыздын Хоккей боюнча улуттук курамасы тарыхта биринчи жолу хоккей боюнча Дүйнө чемпиондугуна катышуу укугун алды. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйында Хоккей федерациясынын президенти Анвар Оморканов тарабынан айтылды.

Буга чейин белгилүү болгондой, кыргыз курамасына техникалык жеңилүү жазылып, алар чемпиондукка катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калышкан.

Хоккей боюнча Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда Кыргыз курамасы 4 беттеште жеңүүчү аталып, алдыда келе жаткан жана III дивизионго чыгуу укугу үчүн Бириккен Араб Эмираттарына каршы ойномок. Бирок беттештин алдында уюштуруучулар кыргыз курамасына буга чейинки 4 оюн үчүн техникалык жеңилүү жазылганын жана Александр Титовдун беттештерден четтетилгенин билдиришкен.

Титов мурда Орусияда ойногон. Федерация аны кыргыз курама командасында ойноосу үчүн уруксат сурап, 30-мартта эл аралык федерация тарабынан уруксат берилген. Уюштуруучулар 5-апрелде гана бул туура эмес экенин айтышып, кыргыз курамасынын жеңиштери жокко чыгарылган. Мындан улам Кыргыз Хоккей федерациясы улуттук курамага техникалык жеңилүү жазылышы боюнча эл аралык Хоккей федерациясынын үстүнөн даттанган болчу.

Маалымат жыйында белгилүү болгондой, Кыргыз курамасы IV дивизиондун алкагында Дүйнө чемпиондугуна катыша алышат.

"Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен бизди канааттандырган чечимге ээ болдук. Биз соттошуп деле катабыздын жок экендигин далилдеп алмакпыз, бирок бул нерсе жылдаган убакыттарды алып убара кылмак. Бизге эки чоң турнирде намыс талашууга жана Бишкекте дагы бир турнир өткөрүүгө уруксат беришти. Биздин команданын экинчи дивизионго чейин барууга да мүмкүнчүлүгү бар", - деди Оморканов.

Ал кошумчалагандай, Кыргыз курамасына Олимпиада оюндарына катышууга квалификация жана Дүйнө чемпиондугунун IV дивизионунун алкагында дагы бир оюн өткөрүү мүмкүнчүлүгү берилген.

Хоккей боюнча Дүйнө чемпиондугуна тандоо туру ушул жылдын 31-мартынан баштап 6-апрелге чейин өткөн. Мелдешке 6 өлкө катышып, кыргыз курамасы алгачкы 4 оюндун баарында жеңишке жетишкен. Ал эми талаа ээлери менен өткөн акыркы беттеште кыргыз хоккейчилери Александр Титовдун катышуусусуз 7:4 эсебинде жеңишке жетишкен. Бирок техникалык жеңилүүнүн натыйжасында Кыргыз өлкөсү акыркы орунду ээлеп, Бириккен Араб Эмираттары III дивизионго жолдомо алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
talant87
2019-05-31 14:05:36
Ийгилик калайм ыйык кундо.
+3
Aman_Mansurov
2019-05-31 14:10:00
3 дивизионго Арабтар эмес биз барышыбыз керек эле
+3
katerina.li
2019-05-31 14:18:37
Арабдарды туурап ,кудай коруп алган сакалчандар эмне дейсинер эми.
0
Avrora2017
2019-05-31 15:06:51
Арабдардан эле калып журушот биздикилер постоянно
+1
Sicilya
2019-05-31 17:12:36
Арабтар дагы сатып алыштыда.
+3
Dembele84
2019-05-31 20:32:46
Ойлопмун дуйно чемпиондугуна катышса,Россия,Канадалар менен беттешет окшойт деп.
+1
kanybek1986
2019-06-01 13:37:23
Россия Канада мн Финляндия ушулар менен оюнду көрөт экеенмин депмин мен да
0
Ali1510
2019-06-01 16:42:40
Бул да болсо жакшы кабар ийгилик Кыргыз элим
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан