Эсептөө палатасы Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде 2017-жылы 30 миллион 300 миң сом мыйзамсыз пайдаланылганын маалымдады. Маалыматка ылайык, мындай көрсөткүч аталган министрликтин аймактагы башкармалыктарында, түзүмдөрүндө пайдаланылган атайын эсептин киреше-чыгашаларына карата жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында белгилүү болгон.
Аудиттин жыйынтыгында, 2 миллион 300 миң сом негизсиз айлык акыга кеткен болсо, атайын каражатты жумшоодо 1 миллион 200 миң сом мыйзамсыз пайдаланылган. Курулуш-монтаж иштерине жумшалган акча 700 миң сомго көбөйтүлгөн болсо, мамлекеттик каражатты максатсыз пайдалануу 600 миң сомго кыскартылган. Дебютордук төлөмдөрдү жашыруудан 15 миллион сом, мамлекетке төлөнчү салыктан 10 миллион сом жашырылган.
Аудиттин жыйынтыгында бардык документтер тиешелүү органдарга жөнөтүлгөн.