Бул айлантылган акча каражаттарынын бир гана бөлүгү, анткени Кытай менен товар айлантуу 2 миллиард доллардан ашты, расмий түрдө. Акча Орусия, Өзбекстан, Казакстан тарапка, ишкерлер кайсы өлкө жакка соода-сатык жүргүзсө, ошол тараптарга которулуп кетет. Бул рыноктук мамиле жана жашыруун эч нерсеси жок. Бул жакта "эмне себептен которулган акчалар бир гана адамдын аты аркылуу болуп жатат" деген суроо туулуп жатат. Мунун жообу эң жөнөкөй. Импорт тарабында миң адам иштесе ар бири 10 миң, 15 миң доллардан акча которуу кымбат да болот, убакытты да алат. Ошондуктан булар кооперация болуп биригип акчаны которууга аракет кылышат. Бул илгертен берки эле келе жаткан тажрыйба. Мындан тышкары, бизде валюталык көзөмөл жок, ошондуктан акча эркин жүгүртүлөт, муну туура деп эсептейм”, – деп белгиледи Азамат Сулайманов.