Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстан аркылуу үчүнчү өлкөгө товар ташуу шарттарын жеңилдетүү тууралуу казак тарап менен жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кеңешменин жүрүшүндө биздин республикадан товарларды экспорттоонун учурдагы абалына, бажылык түзүү шарттарына жана жалпы товардык продукцияларды Казакстандын аймагы боюнча өткөрүү процесстерине байланыштуу маселелер талкууланды.
Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Оңолбеков Казакстандын Финансы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитетинин төрагасы Марат Султангазиев менен жолугушуунун жыйынтыгы тууралуу айтып берди. Анын жыйынтыгында бажы жана салыктык башкаруу боюнча эки жактуу өз ара аракеттешүү маселелери боюнча келишимдерге жетишилген.
Премьер-министр чек арадан тоскоолдуксуз өтүү үчүн процедуралардын шарттарын сактоо боюнча жүк ташуучулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тийиштүү мамлекеттик органдарга тапшырды.
Муну менен бирге өкмөт башчы Мамлекеттик бажы кызматына салык салуу боюнча натыйжалуу механизмдерди иштеп чыгууну тапшырды.