3-июнда шайлоо мыйзамдары тууралуу мыйзам долбоорлору боюнча парламенттик угуу өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.
Парламенттик угуунун күн тартибинде төмөнкү мыйзам долбоорлору турат. "Президенттин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" мыйзам долбоорлоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу", "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорлору каралат.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, коомдук уюмдар менен саясий партиялардын өкүлдөрү катышат.