"Кыргыз мамлекетинин өнүгүүсүнө балдардын кошкон салымы" аттуу фестиваль өтөт

Эртең, 1-июнда "Кыргыз мамлекетинин өнүгүүсүнө балдардын кошкон салымы" аттуу фестиваль өтөт. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Алмаз Кененбаев жана ЮНИСЕФтин Кыргыз мамлекетиндеги өкүлү Юкиэ Мокуо катышат.

Фестивалдын негизги максаты - балдарга болгон инвестиция менен өлкөнү өнүктүрүүдөгү инвестициялардын түз байланышын жана балдардын ата-энелеринин киреше деңгээлине жана жашоо аймактарына карабастан өнүгүү мүмкүнчүлүгүнүн кенендигин көрсөтүү.

Иш-чара К.Баялинов атындагы республикалык балдар жана жаштар китепканасында эртең саат 11:00дө башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан