"Мегакомдун" директору Акылбек Жамангуловду премьер-министрдин бажасы Иманкадыр Рысалиев коркутту" деген маалымат боюнча сотко чейинки териштирүү иши башталды. Бул тууралуу бүгүн, 31-майда Жогорку Кеңеште "КТ Мобайлды" иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын жыйынында Жамангулов билдирди.
Жамангуловдун айтымында, Башкы прокуратура аны "Ачык өкмөт" улуттук форумунун мурдагы жетекчиси, премьер-министрдин бажасы Иманкадыр Рысалиев коркутканы тууралуу маалымат Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Буга чейин “Мегаком” компаниясынын директору Акылбек Жамангулов премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы Иманкадыр Рысалиев тарабынан коркутуулар болгонун айткан.