Балдардын жашоо шарты боюнча түзүлгөн рейтингде Кыргыз өлкөсү 94-орунга жайгашты

Балдардын жашоо шарты боюнча түзүлгөн рейтингде Кыргыз өлкөсү 94-орунга жайгашты. Бул тууралуу эл аралык Save The Children фондунун иликтөөсүндө айтылды.

Маалыматка ылайык, рейтингге жалпы 176 мамлекет кирген.

"2000-жылдан бери 176 өлкөнүн 173үндө балдардын жашоо шарты жакшырган. Балдардын өлүмү жылына 4 миллион 400 миңге чейин азайды жана мектепке барган балдардын саны 115 миллионго өстү. Жылына эрте никеге турган балдардын саны 11 миллионго, эрте кош бойлуулук 3 миллионго кыскарды", - деп айтылат маалыматта.

Балдардын жашоо шарты эң мыкты өлкөлөр деп Сингапур, Швеция жана Финляндия өлкөлөрү табылса, Мали, Түштүк Судан жана Сомали мамлекеттери рейтингде 174, 175 жана 176-орундарга жайгашты.

Коңшу өлкөлөрдөн Тажикстан 90, Өзбекстан 72, Казакстан 40, ал эми Кытай 36-орунду алган. Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине кирген мамлекеттерден Беларусь 34, Орусия 38, Украина 42-сапты ээлеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
u02u02
2019-06-01 19:27:15
Колуналардын рейтингин коруп уялганындан шапкенди басып кийип качасын киши
+5
Dembele84
2019-06-01 21:13:40
Коншу мамлекеттердин баарынан артта калганыбыз чатак болуптур.
+8
Kyrgyz_bloger
2019-06-01 22:42:46
Мамлекеттик казынаны тоноо,коруппция боюнча рейтинг тузуп корушпойбу,Кыргызстан канчанчы орунда экенин кормокпуз.
+3
Sema87
2019-06-02 05:08:16
Kyrgyz_bloger, Номер один болот тоноо,коруппция алдамчылык боюнча чочколор
+2
Bekturbek
2019-06-02 16:00:24
Булар эмнеге салыштырат?рейтингти билиш үчүн?жаш баланы тарбиясыз чоңойту боюнчабы?же жаш баланы бир нерсеге мажбурлообо боюнчабы?Негизи бизде жакшы бала чоңойтууга!эң негизгиси Элибиз өзү ыймандуу,адептүү элибиз өзү тарбиячы,ошол элибиз өзү эң чоң жакшы түзүлгөн шарт.Ошол ыймандуу,адептүү элибизге карап жаштар чоңойот!Негизи рейтингте Орто-Азия алдыңкы саптарда туруш керек!
+1
GULZAT.83
2019-06-04 10:42:31
Ошондо Тажикистанданда калып калыппызгоо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан