Бир да айып кагазы көрсөтүлбөгөн тарыхтагы алгачкы финал. Чемпиондор Лигасынын финалынан кийинки кызыктуу фактылар

2-июнга караган түнү футбол сүйүүчүлөрү 1 жыл бою күткөн Чемпиондор Лигасынын финалдык беттеши өттү. Англиялык клубдар "Ливерпуль" менен "Тоттенхэм" беттешкен оюнда германиялык адис Юрген Клопп машыктырган команда жеңишке жетишти. Футбол чөйрөсүндөгү айрым беделдүү инсандар бул жылкы финалды абдан кызыксыз оюн катары баалаганы менен, беттеште бир топ рекорддор, уникалдуу фактылар жана кызыктуу учурлар катталды. Алардын айрымдары менен тааныштырабыз.

"Ливерпуль" үчүн 6-жеңиш

Финалдагы жеңиш "Ливерпуль" клубуна Чемпиондор Лигасынын 6-жолку кубогун алып келди. Буга чейин аталган клуб 1977, 1978, 1981, 1984 жана 2005-жылдары жеңишке жетишкен болсо, 1985, 2007 жана 2018-жылы финалда жеңилүү ызасын тартып калган. Алдыда 7 жолу жеңишке жетишкен Италиянын "Милан" жана 13 кубок чогулткан Испаниянын "Реал Мадрид" клубдары бар.

Юрген Клопп эл аралык мелдештерде алгачкы жолу жеңишке жетишти

Германиялык машыктыруучу буга чейин 3 жолу эл аралык мелдештин финалына чыгып, баарында жеңилип калган. 2013-жылы "Боруссия Дортмунд" клубун Чемпиондор Лигасынын финалына алып чыккан. Бирок 2:1 эсебинде "Бавариядан" жеңилип калган. 2016-жылы "Ливерпуль" менен Европа Лигасынын финалына чейин жетип, "Севилья" клубунан 3:1ге жеңилген. Өткөн жылы англиялык клубду кайрадан Европанын эң беделдүү мелдешинин чечүүчү баскычына алып чыгып, бул ирет "Реал Мадридден" жеңилүү ызасын тарткан. Эсеп саны 55 мүнөткө чейин 1:1 болгону менен, оюндун аягына чейин Гарет Бейл 2 гол жаратып 3:1ге айланткан.

Айып кагазы көрсөтүлбөгөн тарыхтагы биринчи финал

Финалдык оюнду словениялык калыс Дамир Скомина тейлеп, 90 мүнөт ичинде бир дагы айып кагазын көрсөткөн жок. Алгачкы мүнөттө эреже бузулуп, "Тоттенхэмдин" дарбазасына пенальти дайындалган. Бирок калыс Мусса Сисоккого оозеки гана эскертүү берди. Мелдештин тарыхында финалдык беттеште бир да кызыл, сары айып кагазы көрсөтүлбөгөн оюн болгон эмес.

Видеобайланыш аркылуу кубанычын жубайы менен бөлүшкөн дарбазачы

"Ливерпулдун" дарбазачысы Алиссон Беккер өз дарбазасына бир да жолу топ өткөрбөй, жеңишке чоң салым кошту. Статистикалык порталдардын эсебинде ал 8 жолу өз командасын кооптуу абалдан сактап, 2011-жылы катталган Эдвин ван дер Сардын рекордун кайталады. Бирок Алиссон катышкан кызыктуу учур башка. Чемпиондук медалды тагынар замат дарбазачы оюн талаасына ыңгайлашып отуруп алып видеобайланыш аркылуу жубайы менен кызына чалып, кубанычын бөлүштү. Басма сөз каражаттары беттештин алдында футболчунун жубайы кош бойлуу болгондугуна байланыштуу Мадрид шаарына келе албай калганын жазышкан. Алисон Беккердин үй-бүлөсүнө болгон мамилеси көптөгөн футбол күйөрмандарынын жүрөгүн жылытты.

"Ливерпуль" 113 миллион евро каражат таап рекорд койду

Англиялык клуб бул жылкы Чемпиондор Лигасында тапкан каражаты 113 миллион еврону түзүп рекорд койду. Буга чейин бир да команда мындай чекке жеткен эмес. Клуб УЕФАдан тайпалык баскычка катышкандыгы 15 миллион жана 3 жолу жеңишке жетишкендиги үчүн 8 миллион жарым чейрек финал үчүн 9 миллион 500 миң, чейрек финал үчүн 10 миллион 500 миң, жарым финал үчүн 13 миллион, финал үчүн 15 миллион, финалдагы жеңиши үчүн 4 миллион, 37 миллион евро бонус алган. Мындан сырткары УЕФАнын суперкубогуна катышкандыгы үчүн 3 миллион 500 миң евро алат. Эгерде жеңишке жете турган болсо бул сумма дагы көбөйөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Gisi
2019-06-02 18:36:44
Браво браво
-2
Dembele84
2019-06-02 19:49:33
Кызыксыз болду (((
0
Janel2013
2019-06-02 21:56:21
Финал кызыксыз болгону менен финалга чейинки басып өткөн жол өтө кызык болду менимче. Молодцы.
+6
nurtilek.kursanbekov
2019-06-03 14:43:48
2018-19 камбэктерге бай сезон болду кордунорго ото кызыктуу болду мага финал кызык эле болду бирок чынын да 1 тайм кызыксыз болду баашында эле пенальти берип койгондо а так соонун ийгилик
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан