Бишкекте поезд токтоочу жайда жарылуу болуп, 4 адам жабыркады

Бишкектеги Логвиненко жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишиндеги поезд токтоочу жайда жарылуу болду.

"Кыргыз Темир жолу" мамлекеттик ишканасынын башкы инженери Николай Лиличенконун айтымында, 4 адам жаракат алган.

"Бүгүн саат 8:50 чамасында ысык суу даярдалуучу идиш жарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 4 адам жаракат алып, баары ооруканага жеткирилди. Каза болгондор жок. Жабыр тарткандардын бири күзөт кызматкери, ал эми үчөө - жүргүнчүлөрдү тейлеген кызматкерлер. Имаратка анчалык чоң зыян келтирилген жок. Болгону бир нече терезе сынды. Буга чейин мындай окуя болгон эмес. Ошондуктан кырсыкка алдын ала эмне себеп болгонун айта албайм.

Учурда жарылуунун себептерин иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлүп, Ички иштер органдарынын, Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын жана Транспорт прокуратурасынын кызматкерлери жана "Кыргыз Темир жолу" ишканасынын өкүлдөрү кирди. Жарылуунун себептерин, келтирилген чыгымды толук иликтеп бүткөндөн кийин кеңири маалымат беребиз", - деди Лиличенко.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
tular
2019-06-03 14:01:51
Бомба жарылгандай эле болду!
+1
tular
2019-06-03 18:53:31
Мен жанында иштейм, бир маалда дун деген дабыгтан терезе эмес полдон бери солкулдады.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан