Былтыр Улуттук банктын кызматкерлеринин айлык маяналарына 444 миллион сомдон ашуун каражат жумшалды

Өткөн жылы Улуттук банктын административдик төлөмдөрүнө сарпталган каражаттардын жалпы суммасы 1 миллиард 21 миллион 552 сомду түздү. Бул тууралуу бүгүн, 3-июнда парламенттин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунда Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунда Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов 2018-жылы аткарган иши жөнүндө отчёт берүүдө.

Ал өткөн жылы аткарылган иштер тууралуу жалпы маалымат берип, мекемеде иштеген кызматкерлеринин саны тууралуу төмөнкүдөй жооп берди. "Улуттук банкта 771 кызматкер иштейт. Анын ичинде облустук өкүлчүлүктөрдүн 17 мүчөсү бар. 2018-жылы административдик төлөмдөргө сарпталган каражаттардын жалпы суммасы 1 миллиард 21 миллион 552 сомду түздү. Анын ичинен кызматкерлердин айлык акыларына 444 миллион 753 миң сом сарпталган", - деди Абдыгулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
dosym
2019-06-03 13:42:03
Ушулар эле жеп атат экен да,
+2
tular
2019-06-03 18:50:53
Жакшынакай иштесенер боло анан
0
Tursunbaev2017
2019-06-04 00:37:30
орто эсеп менен бир кызматкер 47 миңден айлык алат экен айына,нени кыйратканына алышат мынча айлык?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан