"Банктын 600 миллион сому жок болсо, анда чакан насыя берүүчү компаниясына өтүүгө тийиш" дейт Улуттук банк

600 миллион сомго чейин капиталы жок банктар чакан насыя берүүчү компаниясына өтүүгө тийиш. Бул тууралуу бүгүн, 3-июнда парламенттин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунда Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.
"Биз жаӊы мыйзам кабыл алып жатканда мындай учурлардын алдын алуу механизмдерин киргизгенбиз. Мисалы, банктын капиталын 600 миллион сомго чейин көтөрө албайбы, анда банк чакан насыя берүүчү компаниясына өтүшү керек. Учурда "Росинбанктын" капиталы эки эсе көбөйтүлүп, ал 4 миллиард 550 миллион сомго чейин жеткен. Ошону менен бирге, Улуттук банктын "Росинбанктагы" үлүшү да 85 пайыздан 95 пайызга чейин көбөйтүлдү. Анын каржы рыногунда башка банктарга жолтоо болбошу үчүн биз аны ипотека менен курулуш тармагын тейлөө кызматына койдук. Ал азыр Мамлекеттик ипотекалык компаниядай эле 6 пайыз үстөгү менен насыя каражаттарын бере баштады", - деди Абдыгулов.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
barakcha
2019-06-03 16:08:40
ФинансКредитБанктан ала алабызбы?6 %ипотека?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан