Бишкекте Орозо айт намазы 5-июнда эски аянтта окулат. Айт намазы таңкы саат 6:00дө башталарын Муфтияттын маалымат кызматы билдирди.
Айт намаз күнү дин аалымдарынын баяндамалары жана куттуктоолору айтылат.
Айт намаздын программасы:
Саат 06:00-07:00 - дин аалымдарынын баяндамалары;
07:00-07:20 - Азирети Муфтийдин куттуктоосу жана баяндамасы;
07:20-07:30 - Өкмөттүн куттуктоосу;
07:30 — Айт намаз окулат.