Ош облусунун Кара-Суу районунда 13 жаштагы окуучу кыз үйүнүн короосунда асынып алды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя Кара-Суу районуна караштуу Нариман айыл аймагынын Сүрөттүү-Таш айылында болгон.
"Окуя 27-майда болгон. Кыз үйдүн короосуна асынып алган. Аны асынып турган жеринен ата-энеси көрүп, милицияга кабар берген. Ал эми кыздын жакындары соттук-медициналык экспертизадан баш тартышкан. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, учурда тийиштүү иштер жүрүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматы.