Парламенттин социалдык комитетинин жыйыны кворум жоктугуна байланыштуу бүгүн өтпөй калды

Бүгүн, 3-июнда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин кезектеги жыйыны өтмөк. Бирок кворум жок болуп, жыйын кийинкиге жылдырылды.

Комитеттин төрайымы Гүлкан Молдобекова: "Көп депутаттар аймактарда болгондуктан кворум жок. Бүгүнкү жыйынды кийинкиге жылдыруу чечимин кабыл алалы", - деп сунуштады.

Комитет жыйынына келген депутаттар бул сунушту колдоп, натыйжада жыйын кийинкиге жылдырылды.

Комитет жыйынында топтолмо пенсиялык фонддор, насыялык маалымат алмашуу, Социалдык фонд боюнча мыйзам долбоорлору каралмак.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан