Чүйдө бакка асынып каза болгон 19 жаштагы жигиттин апасы: "Балам менен кошо асынып каза болгон кыз менен уулумдун сүйлөшүп жүргөнүн билчү эмеспиз"

Чүй облусуна караштуу Сокулук районунда бакка асынып каза болгон 19 жаштагы бала быйыл Бишкектеги №100 кесиптик лицейди аяктап, электр куроочу адистигине ээ болмок. Бул тууралуу маркумдун апасы Жумабүбү Сарыкүйова билдирди.

Анын айтымында, баласын 24-майда Ала-Тоо жаңы конушундагы үйүнө калтырып, өзү Сокулуктун Биринчи Май айылындагы үйүнө кеткен.

"Баламдын мүнөзү жакшы, тентектик кылбаган бала болчу. Ал жөнүндө эч кимден жаман сөз уккан эмесмин. Уулум экөөбүз Бишкекте чогуу жашачубуз. Сабагына барып, кайра үйгө түз келчү, айтканымдан чыкчу эмес. Балдарымдын эң кичүүсү болчу, андан улуу 3 байкеси бир эжеси бар. Эмне себептен ушундай ишке барганына ишене да, түшүнө да албай жатам.

Балам 24-майда саат 12:00гө чейин Ала-Тоо конушундагы үйдө эле болду. Мен кызым менен айылга кеттим. Биз кетип жатканда ал үйдө болчу. "Балам, эжең менен айылга барып эртең келем, сен үйдө эле болуп тур" деп айтып кеттим. Ошону менен эртеси түшкө маал анын асынып каза болгону тууралуу кабарды уктук.

Алгач кабарды кызым угуптур. Ага милициядан телефон чалып, иниңиз кылмыш кылды деп чакыртыптыр. Бирок барса иш башкача болуп чыгып атпайбы! Ага чейин кызым берки каза болгон 16 жашар кыздын эжеси менен сүйлөшкөндө, ал баламдын телефонун алып алганын айткан экен. Ошондон кийин эле балабыз менен сүйлөшө албай калдык. Күйүп жатканыбыз кыздын эжеси эмнеге бизге деле бала менен кыздын сүйлөшүп жатканын же башка маселелер чыкканын кабарлап койгон эмес. Телефону анда болгондон кийин бизге айтып койсо мындай окуя болмок эмес беле... Балким, эки жаш коркоктук кылыштыбы, баары табышмак. Окуянын кандай болгонун кыздын эжеси билиши мүмкүн. Биз эми териштирүү иштерин баштайбыз", - деди маркум 19 жаштагы баланын апасы.

Жумабүбү Сарыкүйова көп кабарды өзүнүн кызы биле турганын айткандыктан, ал менен жолугушканга аракет кылдык. Бирок кызынын жумуштарына байланыштуу комментарий ала алган жокпуз.

Ошондой эле экинчи тарап болгон 16 жаштагы кыздын жакындарынын оюн угууга дагы аракет жасап жатабыз.

Чүй облусуна караштуу Сокулук районунда бакка асылган абалда 2 адамдын жансыз денеси 25-майда табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан