Искендер Матраимов "Азаттыктын" иликтөөсү боюнча: "Парламенттеги комитеттин төрагасынын орун басарлыгынан кетүүгө даярмын"

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов "Азаттык" радиосунун иликтөөсүндө айтылган факттарды текшерүүдө кызыкчылыктардын кагылышы жаралбашы үчүн парламенттеги комитеттин төрагасынын орун басарлыгынан кетүүгө даяр. Бул тууралуу бүгүн, 3-июнда "Бешинчи каналдын" "Ой бүгүн" программасында билдирди.

"Мен Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин мүчөсүмүн. Бул комитеттин төрайымы Наталья Никитенкого кайрылып, эгер менде кызыкчылыктардын кагылышуусу болсо, анда комитеттен чыгып турайын деп айттым. Укук коргоо органдары баарын текшерип баасын берет. Жыйынтыгын күтө туралы", - деди Матраимов.

"2014-жылы социалдык максаттагы кайрымдуулук фондун түзүү идеясы келген. Башында фондду түзүп, өзүбүз баштаганбыз. Чет мамлекетте, айрыкча, мусулман өлкөлөрүндө досторум көп. Мен сооп иштерди жасай турган кайрымдуулук фондду түздүм деп айткам. Чет жактан акча жөнөткөн кишилер өзүнүн тапкан пайдасынан зекет катары фондго бере башташкан. Акчаны башка жактан жөнөтүп жатканда өзүнчө фирма ачылат экен. Ошондо акчаны банк аркылуубу же учак аркылуубу эркин которуу мүмкүн", - деди Матраимов.

Ошондой эле ал "Азаттыкты" буйрукту аткарып жатат деп айыптап, автору Али Токтакуновду "Матраимовдорду каралоо жолу менен парламенттик шайлоого даярдык көрүп жатат" деген оюн айтты.

"Азаттыктын" 29-майда жарыяланган иликтөөсүндө өлкөнүн аймагынан чыгарылып кеткен 700 миллион долларга Матраимовдордун катыштыгы бар экени айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан