Бүгүн, 4-июнда парламент комитетинде салык жана бажы алымдарын башкарууну жакшыртуу боюнча өкмөттүн маалыматы угулат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, баяндаманы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жасайт. Күн тартип боюнча жыйында 2 маселе каралат. "Укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" мыйзам долбоору талкууланат. Бул маселени талкуулоого премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков катышат.