Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуевди кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Эркинбек Чодуев өкмөт башчыга мекеменин кыска жана орто мөөнөткө карата негизги иш багыттары тууралуу айтып берди. Жолугушуу учурунда Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин учурдагы ишмердүүлүгү, агрардык тармакты өнүктүрүүнүн келечеги тууралуу маселе талкууланды.
Абылгазиев заманбап технологияларды колдонуу, айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду иштеп чыгуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Премьер-министр Чодуевге министрликке анын талапкерлигин бекитүү учурунда депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алуу менен айыл чарбасынын артыкчылыктуу багыттарын өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планын даярдоону тапшырды.