Эл аралык "Манас" аэропортунун Оштогу филиалын суу каптады. Бул тууралуу социалдык тармактардын колдонуучулары жазып, видеосун бөлүштү.
Видеодон чатырдан аккан суу аэропорттун ичин каптап жатканын көрүүгө болот. "Манас" аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбанованын айтымында, мындай көрүнүшкө катуу жааган жамгыр себеп болгон.
"Кечээ, 3-июнда өлкөнүн түштүк аймагында катуу жамгыр жаады. Буга байланыштуу чатырдагы жаандын суусу аккан трубалар сынып, суу имараттын ичин каптаган. Учурда калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жатат. Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз", - деди басма сөз кызматкери.