Буга чейин Кыргыз өлкөсүнүн Мусулмандар дин башкармалыгы 5-июнь күнү Орозо айт майрамы белгиленерин жарыялаган.
Бирок айрым диний ишмерлер Айт майрамы 4-июнда белгилене тургандыгын айткан аудио жана видеолор социалдык тармактарда талкуу жаратып, айттын так күнү кайсы деген суроо жаралды.
Муфтияттын басма сөз кызматы аталган талкууларга түшүндүрмө берип, Орозо айт майрамы 5-июнда белгиленерин дагы бир ирет тастыктады.
"Сауд Арабия, Түркия, Орусияда Ай көрүндү деп айтып жатышат. Бирок биз, Кыргыз Республикасы эгемендүү мамлекетпиз. Шариятта айтылгандай, жөө жүргөндө бир айлык жолго чейинки мамлекеттерди ээрчисек болот. Ал эми Сауд Арабия бизге бир айлык эмес, бир канча убакыттык жол. Ошон үчүн Сауд Арабиясын ээрчүүгө милдеттүү эмеспиз. Кыргыз мамлекети, Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Индия, Пакистан, Малайзия Орозо айт майрамын 5-июнда белгилешет", - деп билдирди басма сөз катчы.
Ал эми белгилүү диний аалым Чубак Жалилов Айт майрамынын датасын орозонун 29-күнү кечинде гана так айтууга болорун айтат. Анын мындай пикирин билдирген видеосун социалдык түйүндөрдөн көрүүгө болот.
"Орозонун башталышы Орозо айынан мурда келген Шаабан айынын 29-күнү гана белгилүү болот. Ошондой эле орозонун бүтүшүн 29-күнү кечинде айтууга мүмкүн. Андан 3 күн мурда же 1 күн мурда айтылуусу шариятка каршы келет.
Мындан сырткары шарият боюнча дүйнөнүн кайсы өлкөсүнөн болбосун Ай көрүнүп, орозонун бүтүшү аныкталса калган мусулмандар ага баш ийиши керек", - деп билдирген Жалилов.
Аталган видеонун качан тартылганы боюнча так маалымат жок. Маалыматты тактоо үчүн Чубак Жалилов менен байланышканыбызда ал "Муфтиятка кайрылгыла" деп кыска жооп берип, Муфтият менен өзүнүн пикириндеги айырмачылыктар боюнча түшүндүрмө берген жок.