Баткендин тургундары тажик улутундагы адамдардын мыйзамсыз курулган үйлөрүн бузууну талап кылып, Исфана-Андарак жолун тосуп алышты

Баткендин тургундары Исфана-Андарак жолун тосуп алышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Баткен облусунун тургуну билдирди.

"Исфана-Андарак жолун жергиликтүү тургундар жаап алышты. Жол кечээтен бери ачылбай, Исфана шаарына каттай албай жатабыз", - деди тургун.

Маалыматты Баткен облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Дамира Юсупова тастыктады. Анын айтымында, жергиликтүү тургундар Сумбула айыл аймагына караштуу Искра айылындагы тажик улутундагы атуулдардын мыйзамсыз курулган үйлөрүн бузууну талап кылып, Исфана-Андарак жолун тосушкан.

"Искра айылынын кире беришиндеги жол тосулган жерде эки улуттун элдери жыйнала баштаган. Чогулган элге жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен Лейлек РИИБинин жетекчилиги тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринен жыйынтык чыкпаган соң, Баткен ОИИБнин жетекчисинин буйругу менен милиция кызматкерлеринен кошумча күч тартылган.

Жолду түн ичинде тосуп турушкан Кыргыз жарандары тажик улутундагы жарандарга ижарага берилген жер тилкесине курулган үйдү бузабыз деп жөнөгөн учурда милиция кызматкерлери тарабынан токтотулуп, жарандардын коопсуздугу колго алынды.

Азыркы учурда эки элдин коопсуздугун камсыздоо жана коомдук тартипти сактоо максатында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө", - деди Юсупова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Dembele84
2019-06-04 13:10:55
Мыйзамсыз салынса тез арада чечим чыгарып,нары же бери кылыш керек.Биздикилер кресло талашып буткучо,алар каалагандай уйлорду салып жыргап журушот.
+6
Muratmipa
2019-06-04 13:14:38
Dembele84,тез арада эмес 3 айдан бери эч нерсе кылышкан жок жолду тоскондон кийин чондор келип эми кичине жылыш болуп жатат
+1
bek_tash
2019-06-04 13:14:02
Баткенд рулит!!! Азаматсыңар!
+10
elchi84
2019-06-04 13:25:17
Ижара га берилген жер болсо аны эч ким кайра кайтарып ала албайт мисалы Кемпир-Абад суу сактагыч отуп кетти го Озбекистанга азыр эми дагы канчалаган км жылып тосуп алышыптыр.Эч ким кайтара албайт.
-2
Muratmipa
2019-06-04 13:33:45
elchi84,эмнеге кайтарып ала албайт еще как алат
0
Avrora2017
2019-06-04 14:55:47
Muratmipa,жерди сатып жиберишкен тажиктерге, ошон учун уй салып атышатда, калп эле ижарага берилген деп . Эч ким эштеке кайтара албайт
+1
Muratmipa
2019-06-04 18:59:52
Avrora2017,еще как уйду бузуп жол ачылды бузса болот эле экенго
-1
Flowhive
2019-06-04 13:35:55
Искра деп бекеринен айтылбаса керек
-1
Jango
2019-06-04 13:43:46
Ушул бишкектеги Кой таш Аскердик базасын баткенге кочуруп келгилечи ал базаны бишкекте Эмнеге кармап олтурасынар тушунбоймун эч эле азыркы убакта баткенге бир чон аскердик база керек
+7
Gulnyr19
2019-06-04 13:45:49
Jango,туптуура
+3
Rifle_I
2019-06-04 14:11:44
Jango,Жогорку Кеңешти ошол жерге көчүрүш керек.
+6
Muratmipa
2019-06-04 13:47:12
Элдер туура эмес тушунуп жатат окшойсунар Тажиктер Кыргызстандын жарандары
-2
Muratmipa
2019-06-04 13:47:56
Воений час бар Исфанала Кок ташта
0
Rifle_I
2019-06-04 14:11:13
Ал кайсы жол билбейм , бирок контрабанда менен кетип жаткан бензовоздорду, тамак аш ташыган машиналарды 10-15 күн тосуп салсаңар маселе тез арада чечилет. Мен ошондой кылат элем.
+2
Rifle_I
2019-06-04 14:15:37
Кантип силерге жардам кылсак болот экен ? Баткендиктер чыныгы патриоттор экен, мекен деген эл ушулар экен. Шопурдан башкасы.
+7
Omush94
2019-06-04 14:57:18
Ушундан артка кайтпаш кк баткендик туугандар ошондо маселе чечилчүдөй
0
Topchubai
2019-06-04 16:06:26
Баткен элин жетим козудай эле көрөсүңөр."Аяш ава"-деп маскаралайсыңар.Баткенге көңүл бурсаңар Кыргыз элим!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан