Бишкекте 20-июнга чейин митинг өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизилди

Бишкек шаарында 1-июндан 20-июнга чейин митинг өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин отурумун өткөрүү маалында аталган министрлик тарабынан коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыздоого өзгөчө көңүл бурулат. "Азыркы учурда иш-чараны өткөрүүдө укуктук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо планы иштелип чыгып, күчтөр менен каражаттардын саны бекитилди. Бул максатта ИИМдин жана Бишкек ШИИББинин кызматкерлери тартылды. Укук бузган иш-аракеттерди жасоого мүмкүн делген адамдардын жүрүм-турумуна көзөмөл күчөтүлөт. Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүнө жана Бишкек – “Манас” аэропорту унаа жолунун кыймылына чектөөлөр коюлат. Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 1-июндан 20-июнга чейин бардык каршылык акциялары менен митингдерди Бишкек шаарынын М.Горький атындагы эс алуу бакчасынын аймагында гана өткөрүү сунушталды. Аталган чечим жогорку деңгээлдеги иш-чараны өткөрүү үчүн азыркы учурда шаардын борбордук көчөлөрүндө жашылдандыруу жана иретке келтирүү боюнча иштер жүрүп жаткандыгына байланышкан", - деп жазылат маалыматта.

Бишкекте 13-14-июнда Шанхай кызматташтык уюмунун саммити өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан