Бишкекте Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда "Коррупция менен реалдуу күрөш үчүн" митинги өтөт

8-июнда Бишкекте "Коррупция менен реалдуу күрөш үчүн" деген аталыштагы митинг өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда SUPER.KG порталына КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов билдирди.

Маалыматка ылайык, митинг саат 11:00дө "Медиа-Форум" имаратынын алдында өтөт.

"Митингге экс-президент Алмазбек Атамбаев, саясий партиялардын, коомдук кыймылдардын, бейөкмөт уюмдардын лидерлери, мүчөлөрү катышат. Мындан тышкары коррупцияга кайдыгер карай албаган жарандардын баарын бул иш-чарага чакырабыз. Коррупцияны эл гана токтотуп кала алат", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Shabi
2019-06-04 17:16:06
Ушул Адил Турдугулов Бир убактарда Атамбаевти жамандап,сдпк ны сындап журчуле.эми минтип сдпк менен Атамбаев менен колтукташып журот.сасык саясат,туруксуз саясат,бири бирине суу куйуп,биринин ХХХХХ саясат деген ушул экен да
+5
nargiz-sa
2019-06-04 17:16:59
Атамбаев озу учу биринчи жооп бербейби. Намыс ариет калбаптыр да
+4
BekAmir
2019-06-04 18:12:10
Атамбаев убагында коррупция гулдоп оскон
+3
Nursbaike
2019-06-04 21:26:26
Коррупцияны гулдоткондор курошконду уйротушот акылдуу создорду суйлошуп . Мен барам микрофон берсенер толтура созум бар силерге
0
Agayu
2019-06-04 21:36:04
Туугандар ээрчибегиле булар бир нерсе талашып жатышат .Булар элди ойлошпойт , тек оз кызыкчылык максатында куйумуш болтат .Андан коро дуа кылайлы .Биздин акылыбыз осту коп непсени билип калдык .Атамбаев биринчи жооп берсин Дача сууну анан актансын.Эмне гиддейген самалеттун бир да ээси чыкпады жоопко эч ким тартылбады ?? Вот суроо жоопсуз калды Кыргыз элинде.Биз эмне адам эмеспизби ??
Бул бийликтегилерге такыр ишенбегиле .Баарында бизнеси куч а карапайым калк Мигрант .Алар уйундо
0
Mister-X
2019-06-04 21:58:58
Коррупциянын тамырына суу куюп, гулдоткон Атамбаев болсо керек.
+3
babi92
2019-06-05 09:55:44
Буларда бет деле калбаган тообо коррупция менен курошобуз деп ооздору эле кыбыраганы болбосо элди мите курттай соргон ушулар.Карапайым калкты бир жолу эле манкуртка чыгарып алышты го
+1
Take_men
2019-06-05 10:30:23
Ууруну карма деп биринчи ууру өзү кыйкырат...бет жок экен
-1
Kylychisa
2019-06-05 11:26:05
Жакында камалышы мумкун да ошого чырылдап жатат . Эч ким ишенбейт ко ашага
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан