Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгы тарабынан шаар тургундарына уурулардан сак болууну эскерткен СМС билдирүүлөр келип жатат.
"Урматтуу шаар тургундары, Бишкек ШИИББи эскертет: коомдук транспорттордо чөнтөк уурулардан этият болгула жана баалуу буюмдарыңарга сак болгула", - деп жазылат маалыматта.
Буга байланыштуу "кандайдыр бир коркунуч барбы? Буга чейин мындай билдирүүлөр келчү эмес эле же уурулар көбөйүп алар менен күрөшүүгө милиция жаңы ыкма ойлоп таптыбы?" деп суроо салган тургундар да болууда.
Аталган суроолорго жооп алуу үчүн Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматына кайрылганыбызда, алар эч кандай тынчсызданууга негиз жок экенин билдиришти.
"Аталган билдирүүлөр жөн гана шаардыктарды эскертип коюу максатында жөнөтүлүп жатат. Тургундарыбыз өздөрүнө сак болсо жаман эмес да? Билдирүүлөр бекер таратылат, ага бюджеттен эч кандай каражат бөлүнгөн эмес", - деди басма сөз кызматкери.