Кечээ, 4-июнда Жогорку Кеӊештин комитетинде Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы дайым берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” ратификациялык мыйзам долбоору жактырылды.
Финансы министринин орун басары Жеӊишбек Ногойбаевдин айтымында, түндүк-түштүк жолунун жалпы узундугу – 433 чакырым. "Азыр анын Балыкчы шаарынан Кочкор айылына чейинки, Кочкор айылынан Эпкин айылына чейинки бөлүгүндөгү 68 чакырым жолду каржылоо маселеси калды, калган бөлүгү толугу менен каржыланып бүттү. Ошондон улам буга чейин Азия өнүктүрүү банкы менен каржы маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп келген. Азия өнүктүрүү банкы түндүк-түштүк жолунун курулушуна 78 миллион доллар көлөмүндө каражат, анын ичинде 68,5 миллион доллар жеӊилдетилген насыя, 9,5 миллион доллар грант берүүгө даяр. Насыяны жабуу мөөнөтү – 32 жыл, жеӊилдетилген мөөнөтү – 8 жыл. Ал эми кыргыз тарап 12 миллион 750 миӊ доллар кошумча каражат кошууга тийиш. Насыя жеӊилдетилген мөөнөттө 1 пайыз, андан кийин 1,5 пайыз үстөгү менен берилүүдө", - дейт ал.