Бишкекте өтө турган саммитти 300дөн ашык чет элдик журналисттер чагылдырат

Бишкекте 14-июнда өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитин 300дөн ашык чет элдик журналист чагылдырат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, саммитти чагылдырууга Беларусь, Индия, Иран, Кытай, Монголия, Пакистан, Орусия, Өзбекстан жана Япониядан журналисттер келишет. Ал эми Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлигинин каттоосунан өткөн Франция, Улуу Британия, АКШ жана Германия өлкөлөрүнүн журналисттери бар.

Ошондой эле 30 телеканал, 10 радио, 20 маалыматтык агенттиктер жана 10 гезит саммитти чагылдырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ali1995
2019-06-05 10:17:02
Чакырылды
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан