Кечээ, 4-июнда өлкө аймагына эсепке алынбаган ар түрдүү топтордогу товарларды ташууга каршы чараларды күчөтүү боюнча кеңешме өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тиешелүү мамлекеттик органдарга өлкө аймагына аткезчилик продукцияларды ташууга жол бербөө боюнча толук чараларды көрүүнү тапшырды.
"Аткезчилик продукцияны жана товарларды ташуудан биздин мыйзам сактап иштеген ишкерлерибиз зыян тартып жатышат. Республикалык бюджетке бир кыйла акча каражаттарынын түшпөй калуусу байкалууда. Ошону менен бирге, бул ишке жооптуу айрым бир мамлекеттик органдар республикага аткезчилик ташууларды жоюу боюнча жетиштүү чараларды көрбөстөн ачык эле "уктап жатышат". Бул маселеде коррупциялык көрүнүштөр жана түз кызматтык милдеттерин аткарууга шалаакы мамиле кылуу бар экендигин моюнга алуу керек. Буга укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн тиешеси бар экендиги өкүндүрөт. Аткезчилик жүктөрдү ташуу маселесине чекит коюш үчүн биз көзөмөлдү катаалдатып, автоматташтырылган тутумду киргизүү боюнча тиешелүү чараларды күчөтөбүз, бул чек арада жүктөрдү, унааларды каттоо жана байкоону камсыздайт", - дейт Абылгазиев.