Бүгүн, 5-июнь - Кыргыз өлкөсүндө Орозо айт майрамы. Бишкек шаарында Айт намазы окулду. Бишкек шаарынын казысы жана Мусулмандар дин башкармалыгынын Фатва бөлүмүнүн башчысы баяндарын айтышты. Ошондой эле президент Сооронбай Жээнбековдун куттуктоосун президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев окуп берди. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов куттуктоо сөздөрүн айтышты.