SUPER.KG порталынын эмгек жамааты мусулмандардын ыйык майрамы болгон Орозо айт майрамы менен жалпы кыргыз элин куттуктайт!
Орозо айт - 30 күн тутулган ыйык орозо аяктаганда белгиленүүчү өзгөчө майрам. Орозо кармоо менен беш парздын бирин аткарган мусулмандар үчүн бул күнү түрдүү тамак-аш даярдалып, дасторкон жайылат.
Бул майрам ар бир үй-бүлөгө ынтымак-ырашкерлик, береке жана кут алып келсин. Ыйык орозо айында айтылган каалоо-тилектериңиздер кабыл болуп, бөөдө кырсыктан, жалган жалаадан алыс болуңуздар. Кылган дубаларыбыз кабыл болуп, мекенибизде токчулук, бейкутчулук өкүм сүрсүн.