Былтыр Курман айт күнү Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов эл алдында куттуктоо сөзүн сүйлөп жатып "Курман айтыңыз… Курман ыраазы болсун, кабыл болсун. Айтыңар маарек болсун! Рахмат" дегени талкууга түшкөн.
Быйыл Айт намазда мэрдин сүйлөгөнүн күткөндөр дагы болду. Бүгүн, 5-июнда Айт намазда Суракматов кыргызча кыска жана так куттуктаганы талкуу жаратты. Суракматов кыргыз тилинен атайын сабак алып жатабы деген суроо менен SUPER.KG порталы мэрдин кеңешчиси Гуля Алманбетовага кайрылды.
Алманбетованын айтымында, мэр кыргыз тилин жакшы билет.
"Ал кыргыз тилин үйрөнүүгө муктаж эмес. Кыргыз тилин жакшы билет. Былтыр Айт намазга биринчи жолу сөз сүйлөөгө чыгып, камерадан сүрдөп кеткен. Мэр кыргызча ырдайт, сүйлөйт, биз менен кыргыз тилинде иш алып барат", - дейт Алманбетова.