Жергиликтүү тургундар тарабынан тосулган Исфана-Андарак жолу ачылды. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Баткен облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, чогулган элдин ортосунда эч кандай жаңжал чыккан жок.
"Исфана-Андарак унаа жолу кечээ, 4-июнда кечке жуук ачылды. Топтолгон эл тарап, унаа кыймылы калыбына келтирилди. Эки тараптан тең эч кандай тартип бузуулар катталган жок", - деди Баткен ОИИБинин басма сөз катчысы Дамира Юсупова.
3-июнда жергиликтүү тургундар Сумбула айыл аймагына караштуу Искра айылындагы тажик улутундагы атуулдардын мыйзамсыз курулган үйлөрүн бузууну талап кылып, Исфана-Андарак жолун тосушкан. Эки элдин коопсуздугун камсыздоо жана коомдук тартипти сактоо максатында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жаткан.