Нарын шаарында Айт намазы борбордук мечитте окулду

Бүгүн, 5-июнда Нарын шаарынын борбордук "Азирети-Али" жана Нарын шаарындагы "Билал бин Рабах" мечиттеринде Орозо айт намазы окулду. Мындай маалыматты Нарын казыятынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Айт намазы 07:00дө башталып, "Саад бин Абу Ваккас" мечитинин имамы Эрик Молдокулов диний баян айткан. Андан соң өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов, Нарын шаардык кеңешинин төрагасы Жыргалбек Ботоканов, Нарын районунун администрация башчысынын 1-орун басары Жаныш Ибраимакун уулу жана Нарын облусунун казысы Мамбетасан Ибраев куттуктоо сөз сүйлөшүп, мусулмандарга, шаар тургундарына ыйман тиледи.

"Ал эми "Билал бин Рабах" мечитинде казыяттын өкүлү Сейит Исаев диний баян айтты. Андан соң Нарын шаарынын биринчи-вице-мэри Давид Курманов куттуктоо сөз сүйлөдү.
Нарын шаарынын борбордук "Азирети-Али" мечитинде 5 миң, "Билал бин Рабах" мечитинде 3 миңден ашык адам катышып, жалпы 8 миңден ашык адам Орозо айт намазын окушту", - деп билдирди казыяттын басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
admin_portal
2019-06-05 14:38:32
J1irg, Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынган. БАН!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан