Баткендеги 2 миң адам бата турган борбордук мечитке Айт намазын окуу үчүн 5 миң киши чогулду

Бүгүн, 5-июнда Баткен шаарындагы 4 мечитте Орозо айт намазы окулду. Бул тууралуу SUPER.KG`ге шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы Равшанбек Бадалов билдирди.

Анын айтымында, Айт намазын окууга борбордук "Нуьмани" мечитинен сырткары дагы 3 мечитке уруксат берилген.

"Орозо айт намазы Баткен шаарында борбордук жана жума намазы окулуучу мечиттерде окулду. Намаздын алдында дин аалымдарынын баяндары айтылды. Ошондой эле Айт намазга келгендерди облус казысы Пазыл Султанмуратов, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров Орозо айт майрамы менен куттуктады.

Борбордук "Нуьмани" мечитине намазга жыгылууга 5 миңдей адам келди. Аталган мечит 2 миң адамга ылайыкталган. Мындан сырткары дагы 2 миңге чукул адам бата турган короосу бар. Дагы миңдей адам жолдун жээгинде намаз окуду.

Мындан сырткары мэрия тарабынан дагы 3 мечитке Айт намазын окууга уруксат берилген. Шаардагы экинчи борбордук мечит катары саналган "Чынар бак" мечитинде 4 миңдей, калган 2 мечитте 2 миңдей адам чогулду. Ар бир мечитте казыяттын өкүлдөрү тарабынан баяндар айтылып, облустук, шаардык, райондук жетекчилер куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү", - деди Бадалов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
salimbek87.kg
2019-06-05 15:06:10
Айтыныздар мареек болсун намазыныздар кабыл болсун туугандар аамин
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан