Жалал-Абадда Айт намазга 7 миңдей киши келди

Жалал-Абаддын борбордук мечитинде 7 миңдей киши Айт намазын окуду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Айт намазы шаардын 13 мечитинде өттү.

"Жалал-Абад шаарынын "Имам аль Бухари" атындагы борбордук мечитинде Айт намазына 7 миңге жакын киши чогулду. Чогулгандарга казыяттын өкүлдөрү тарабынан диний баяндар жана куттуктоо сөздөр айтылды. Шаар мэри Мураталы Тагаев баш болгон бир топ аткаминерлер шаар тургундарын жана конокторун Орозо айт майрамы менен куттуктап, жарандарыбызды ынтымактуу болуп, адеп-ахлак эрежелерин сактоого чакырды.

Мындан сырткары Жалал-Абаддагы 12 мечитте жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда Айт намаздары окулду", - деди басма сөз кызматкери.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан