Назира Элдияр кызы Бишкек шаарынын четиндеги жаңы конуштардын биринде 3 кызы менен вагондо күн кечирет. Ал бир убакта тирөөчү болгон апасынан, жолдошунан айрылып, бүгүнкү күндө элден жардам суроого аргасыз болуп турган чагы. Учурда жамгыр жааса шыбынан суу тамган, жашоого кооптуу темир вагондо кыздарынын балалык доору өтүүдө. Алардын келечегин курам деп жан үрөгөн каарманыбыз базардан коробка терип, сатып, кээде күнүмдүк иштерге жалданып иштеп тыйын табарын айтат.
"Жолдошум көк бөрү ойноп жаткан учурда каза болгон. Андан көп өтпөй эле жалгыз тирөөчүм апам оорудан улам көз жумду. Алардын кыркылыгын бергенден кийин эле кыздарым менен көчөдө калдык. Батирдин акчасын төлөгөнгө мүмкүнчүлүгүбүз жок болгондуктан шаардын четинен вагонду ижарага алып, ушул жерде күн кечирип келе жатабыз. 3 кызымды жалгыз бакканым үчүн 2 миң 430 сом жөлөк пул алып, аны вагондун ижарасына жумшайм. Тамак-ашты мечитке ооз ачырып келгендерден алып жатабыз", - дейт ал.
Башынан оор тагдырды өткөрүп жаткан Назира Элдияр кызынын жашоосу тууралуу репортажды төмөндөгү видео аркылуу көрө аласыздар.