Бүгүн, 6-июнда Жогорку Кеңештин ишин баалоо боюнча аймактык форум өтүүдө. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, форумдун ишине Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери катышууда. Форумдун алкагында парламенттин ишин жакшыртуу, анын ичинде колдонуудагы мыйзамдарга карата улуттук мониторинг жана баа берүү тутумун киргизүү маселелери талкууга алынды. Иш-чаранын катышуучулары мамлекеттик органдар менен жарандык коомдун өз ара байланышы жаатында пикир алышууда. Ошондой эле Евразия чөлкөмүндөгү өлкөлөрдүн парламенттеринин ишине мониторинг жана баа берүү тутумун киргизүү, баа берүүнүн улуттук саясатын түзүү мүмкүнчүлүктөрү да каралмакчы.