Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтын 200 миң даана гүл кооздойт

Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтын бул жайда 200 миң даана гүл кооздойт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, гүлдөр убакытты көрсөткөн саатты, көпөлөктү жана агып жаткан булактын көрүнүшүндөй формада да отургузулган. "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери жаз алды менен гүл отургузуу иштерин башташкан, ушул тапта жумуш аяктап калды. Отургузулган гүлдөрдүн арасында сальвия, тагетис, агератум, алиссум жана колеус өңдүү сорттор бар. Мындан тышкары "Тазалыктын" жумушчулары көп жылдык гүлдөрдү кароо менен алектенүүдө. Учурда алардын гүлдөп турган учурунун мөөнөтүн узартуу үчүн түрдүү керектүү заттар менен дарылоо жүрүүдө.
"Биз Бишкектин жашоочуларын жана конокторун "Тазалыктын" ишканасынын жумушчуларынын эмгегин баалоого, гүлдөргө аяр мамиле жасап, шаарга кооздук тартуулаган нерселерди бузбоого чакырабыз. Эгер гүлдөрдү уурдап жаткандарды көрсөңүздөр Бишкек ШИИББине, 0708 10-20-00 номерине кабарлап койсоңуздар болот", - деп жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
OMURBEK.
2019-06-07 14:15:42
Гул бул жакшы бирок кудакааласа штугу мин сомдон сатылып алынган болуп чыгаар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан