Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жаңыл Алыбаева Кыргыз өлкөсүндө балдарга карата зомбулук маселеси курч социалдык көйгөйлөрдүн бири экенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 7-июнда маалымат жыйында билдирди.
"2018-жылы 130 бала зордук-зомбулукка кабылган. Мындан улам 13 бала каза болгон, анын ичинен 7 балага туугандары тарабынан зомбулук көрсөтүлгөн. 2017-жылы 168 бала зомбулукка кабылды. Министрлик тарабынан айыл өкмөттөрдө атайын штабдар ачылып иш-чаралар жүрүп жатат. Өлкөдө 102 миң 406 мигранттын балдары бар экени аныкталды. Аларды каттоого алып, тиешелүү иш-чараларды жүргүзүп жатабыз", - деди ал.