"Республика" сайтында кечээ, 6-июнь күнү "Атамбаевдин КСДП партиясынын өз бутуна атуусу" деген макала жарыяланды. Анда КСДП эртең, 8-июнда "Форумдун" жанында "Коррупцияга каршы чыныгы күрөш үчүн" деген чакырык менен өткөрчү митинг сынга алынган. Аталган материалдын урунттуу учурларын сунуштайбыз.
"ЖМКларга КСДПнын активисти Адил Турдукулов айтып бергендей, митингдин башкы талаптарынын бири соттордун көз карандысыздыгы болот. "Ак Үйдөн чечимдер келбеши үчүн" дейт Турдукулов. Кыргызстандын соттук системасынын башкы "куратору" Манас Арабаев кармалып жаткан учурда КСДПчылар тараптан айтылган бул талаптар керек болсо күлкүлүү да эмес, боор катып күлө тургандай болуп көрүнөт. Балким, КСДП күнөөсүн мойнуна алып, кечирим сурагысы келип жаткандыр. Атамбаевдин бригадасынын коррупциясы тууралуу олуттуу сүйлөө - комильфо (ред. сылык болуунун эрежелерине жооп берүү) да эмес.
Эл акмак эмес да. Баары баарын эң жакшы көрүп жана билип турат. Атамбаевдин айтымы менен Раим-миллионго айланган Райымбек Матраимов эгерде бажыдагы коррупциялык схемаларга катышса дагы ал Атамбаевдин режиминин убагында иштеген. Муну парламенттин расмий сайты аркылуу билдирүүсүн тараткан Искендер Матраимов адилеттүү белгилеп айтты. "Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн айланасындагы кырдаал, бүгүн, жалаӊ саясий мүнөзгө ээ болду. Мунун баары экс-президент Алмазбек Атамбаевдин айтуусунан башталды. Анын жардамы менен бүткүл үй-бүлөбүздү каралоого активдүү аракеттенип жатышат. Биздин үй-бүлөбүздүн бардык мүчөлөрүн укук коргоо органдары дайыма текшерип жатышат, ал эми ЖМКлар биз менен байланышкан бардык окуяларды дайыма терс боёкто чагылдырышууда. Бирок эч ким мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Райымбек Матраимовго эмне үчүн кылмыш ишин козгогон эмес деген суроону өздөрүнө бере элек? Эгерде менин иним кылмыштуу бир нерсеге аралашкан болсо, эмне үчүн Исаков да, Атамбаев да анын ишинен эч кандай мыйзамсыз нерсе табышкан эмес?
Эгерде Исаков бажыкананын башчысынын мурдагы орун басары мыйзамды бузган деп эсептесе, ал аны бошотууга эмес, жоопкерчиликке тартууга тийиш болчу. Мен азыркы президентибиз Сооронбай Жээнбеков менин инимдин мүлкүн объективдүү жана ар тараптуу изилдөө үчүн бардык шарттарды түзүп берерине жана азыркы саясий жагдай укук коргоо органдарынын чечим кабыл алуусуна таасир кылбай турганына абдан үмүттөнөм" деп жазылган билдирүүдө.
Буга макул болбой коюу оор. Чынында эле эгерде Райымбек Матраимов коррупционер болсо, анда эмнеге Атамбаевдин убагында ага каршы кылмыш иши ачылган эмес? Ал мезгилде керек болсо, Матраимовдордун кланынын байлыгын укук коргоо органдары текшерген эмес. Кандайча ушундай болуп калды? Же Атамбаев керек болгон убакытка дейре бир туугандардын түрдүү жардамын активдүү колдонуп, андан кийин жөн эле багытты башка жакка буруп койдубу? Ал мындайды буга чейин деле көп жолу жасап жүргөн эмеспи.
Ак Үйдөн соттордун көз карандысыз болуусу - бул тема да атамбаевчилер үчүн. Айрыкча президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмүнүн мурдагы башчысы, Атамбаевдин учурундагы соттук системанын "көмүскөдөгү кардиналы" Манас Арабаевдин камоосунан кийин. Ак Үй тараптан сотторго карата уятсыз кысым көрсөтүү жана оюна келгендей ээн баштык эч качан болгон эмес. Жыйынтыгында соттор өздөрү цербери (ред. кара мүртөз сакчы) тууралуу жайып жиберишти" деп жазылат "Республика" сайтынын макаласында.
Материалда Атамбаевдин кезиндеги дагы бир чуулуу иштердин бири Батукаевдин бошотулушу тууралуу да кеп болгон. Анда учурда бул иш боюнча мурдагы жогорку кызматты ээлеп турган аткаминерлер, ошондой эле Аида Салянова да өтүп жатканы жазылат. Андан ары атамбаевчилердин коррупцияга каршы митингине жогорку кызматтарды ээлеп жүрүп, кийин капыстан миллионер болуп чыга келген Дүйшөнбек Зилалиев да мисал боло алары сөз болгон. Тизме андан ары да уланат. Сапар Исаков, Дамир Мусакеев, Болот Сүйүмбаев...
"Эми бул топ көзүн ирмеп койбой, жолдоштору үчүн жана алар жасаган бардык иштери үчүн уялбай чогулганы жатат. Чогулуп бийликке коррупцияга каршы кантип күрөшүү керектигин үйрөткүсү келет. Атамбаев катышкан коомдук иш-чаралар дайыма шоу болуп келген. Ал 60 жашка чыгардын алдында "пенсияга чыккандан кийин уктайм, китеп окуйм, пианинодо ойноону кыялданып келгем, колдон келишинче саясаттан алыс болом" деген эле. Балким, пенсионер-миллиардерге акча чогултуп, пианино сатып беребиз? Алектене турган иши болсун. Ал эми анын үтүкчүлөрү, айдоочулары, жан сакчылары, катчылары өз шефи менен чогуу-чаран хор ырдашсын" деп жазылат макалада.